Папан суу сактагычынан адамдын жансыз денеси табылды

Папан суу сактагычынан адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 22-май күнү суу сактагычка 22 жаштагы эркек киши чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Жерине ӨКМнин Ош облустук башкармалыгынан ыкчам топ жана Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын куткаруучулары тартылып, издөө иштерин жүргүзүшкөн.

Бүгүн, 23-май күнү саат 06:00дө издөө иштери улантылып саат 07:30да маркумдун жансыз денеси куткаруучулар тарабынан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген