Пандемиянын таасири: КМШ өлкөлөрү менен соода жүгүртүү 17%га төмөндөдү

Кыргызстандын КМШ өлкөлөрү менен тышкы соода жүгүртүүсү 2019-жылга салыштырмалуу 17%га төмөндөгөн. Бул көрсөткүч пандемиянын жайылышы менен байланыштуу экендигин өлкөнүн Экономика министрлигинин статс-катчысы Айдин Шаршеев билдирди.

Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн катышуусунда региондор аралык жана чек ара кызматташтыгы Кеңештин 9-жыйыны болуп өттү. Иш-чара видеоконференция форматында өтүп, ага Армения, Беларусия, Казакстан, Орусия, Тажикстан жанаи Өзбекстан өлкөлөрүнүн өкүлдөрү катышты.

Жыйында Кыргыз мамлекетинин Экономика министрлигинин статс-катчысы Айдин Шаршеев коронавирустун жайылышы экономикалык көрсөткүчтөргө таасир этип, быйылкы жыл өтө оор болгондугун белгиледи.

“Пандемия экономикага зор таасирин тийгизди. Мисалы, өткөн жылы Кыргызстандын КМШ менен тышкы соода жүгүртүүсү 0,5% га кыскарган болсо, бул жылдын  январь-июнь 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 17% га төмөндөдү. Ал эми январь – март айлары үчүн КМШ өлкөлөрүнөн түшкөн түз чет өлкөлүк инвестициялардын ушул мезгилге салыштырмалуу 6,9% га төмөндөдү. Жалпы үлүштөн түшкөн киреше 9,2 %ды түздү”, – деп билдирди Шаршеев.

Ошондой эле ал кризистин кесепеттерин жоюп, андан чыгуу үчүн КМШ өлкөлөрү макулдашылган, биргелешкен аракеттерди жумшоо зарыл экендигин кошумчалады.

“Чек ара аймактарына биргелешкен ишканаларды түзүү жолу менен өнөр жай багытында кызматташтыкты өнүктүрүү керек. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору экономикалык өнүгүүдө маанилүү ролду ойнойт”,-деди.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.