Пандемияда каза болгон медицина кызматкерлерине арналып эстелик тургузулду

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн, 19-октябрда, коронавирустук инфекция пандемиясына каршы күрөшүүнүн алкагында, кесиптик милдеттерин аткаруу учурунда курман болгон медициналык кызматкерлерге жана медициналык жогорку окуу жайлардын студенттерине арналган эстеликтин салтанаттуу ачылыш аземине катышты.

Эстелик Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын башкы корпусунун жанындагы гүл бакчада орнотулган.

Иш-чаранын катышуучулары, курман болгон дарыгерлердин туугандары жана кесиптештери, медицина кызматкерлери эстеликке гүл коюшуп, курман болгондорду бир мүнөттүк тыныгуу менен эскеришти. Андан соң Кыргыз Республикасынын гимни жаңырды.

Сүйүнбек Касмамбетов 2020-жылы Кыргызстандын эли оор мезгилди башынан кечиргенин белгилеп, коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдөгү дарыгерлердин өлчөнгүс эмгеги жана каармандыгы үчүн чоң ыраазычылык билдирди.

Кошумчалай кетсек, пандемия мезгилинде 6 миңден ашуун медицина кызматкери коронавирус инфекциясы менен ооруп, анын 123ү каза болгон, анын ичинде 79 дарыгер жана 44 орто медициналык персоналдын өкүлдөрү бар. Эстеликти орнотуу тууралуу ой медициналык коомчулуктун арасында пайда болуп, ал ыктыярдуу  чогултуудан түшкөн каражатка тургузулган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.