Пандемия учурунда каза болгон дарыгерлердин урматына эстелик орнотулат

Бүгүн, 25-августта министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова көрүнүктүү ишмерлердин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча комиссиянын жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Анда маалым болгондой, жолугушуунун жүрүшүндө COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүдө каза болгон алдыңкы катардагы дарыгерлердин урматына мемориал орнотуу маселеси талкууга алынды.

Жылдыз Бакашова белгилегендей, дарыгерлердин, медайымдардын жана санитарлардын жаркын элесин түбөлүккө калтыруу, кесиптик милдетин аткарууда өмүрүн берген ден соолук сакчылары коркунучтуу инфекция менен күрөшүүдө жан аябаган эрдиги түбөлүккө сакталат.

Талкуулоонун жана тиешелүү документтерди кароонун натыйжасында Ахунбаев жана Тыныстанов көчөлөрүнүн тушуна, тагыраагы И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын борбордук аллеясындагы музейдин жанына мемориал орнотуу чечими кабыл алынды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.