Пандемия учурунда баланы стресстен кантип коргойбуз? Ата-энелерге 10 кеңеш

Дүйнөдө коронавирус илдетин жуктургандардын саны 33 миллиондон ашып, көрсөткүч саат сайын, күн санап жогорулоодо. Мындай кырдаал бир эле чоңдордо эмес, жаш балдардын да стресске кабылышына жол ачат. Төмөндөгү 10 сунушту аткаруу менен балаңызды стресстен коргоңуз. – Колдон келсе, үй-бүлөлүк жашоонун кадимки ритмин кармаңыз же балдар үйдө жалгыз кала турган болсо, үй-бүлөнүн жаңы салттарын (оюндарын) түзүңүз.

– Мүмкүн болушунча балдарды курбу-курдаштары менен ойноп, пикир алышып турууга үндөңүз.

– Балдарга коркуу жана кайгы сыяктуу сезимдерди билдирүүнүн ачык жолдорун табууга жардам бериңиз. Балдар коопсуз жана            жагымдуу чөйрөдө сезимдерин билдирип, сүйлөшө алышса, жеңилдеп калышат.

– Стресс жана кризис учурунда бала ата-энеси менен баарлашкысы келет. Ошондуктан, балаңыздын жаш өзгөчөлүгүнө карап, коронавирус боюнча талкуулап, анын ой-пикирин угуңуз.

– Балдар стрессти ар кандай көтөрүшү мүмкүн. Кээ бири ачууланып, кээ бири тынчсызданып же болбосо, толкунданышы мүмкүн.     Мындай учурда баланын мындай реакциясына түшүнүү менен кабыл алып, аны эмне тынчсыздандырып жатканын угуңуз жана сүйүү, мээрим менен көңүл буруңуз.

– Башка улуттагы жабыр тарткандарга болгон сезимталдыгын жана боорукерлигин тарбиялоо үчүн  вирустун курбуларына карата кастыкты козутпоо үчүн, этностун же улуттун фактору эместигин балдарга түшүндүрүп бериңиз.

– Жөнөкөй сөздөр менен баланын жашына жараша түшүнүктүү тил менен азыркы кырдаалды, түшүндүрүп, оорунун жугуусун кантип азайтыш керек экендигин айтып бериңиз.

– Коронавирустун таркалуу жолдорун айтып бериңиз.

– Ооруну жуктуруп албоо үчүн кантип сактануу керек экендигин түшүндүрүңуз. Суз жана кызыксыз болбошу үчун оюндарды уюштуруңуз.

– Баланын тынчсызданып, же коркуп калбоосу үчүн ооруга байланыштуу күнүмдүк жаңылыктарды көрүүсүнө чектөө киргизип, так маалыматты өзүңүз берериңизди айтыңыз.

Алгач Европада майрамдалган. 1-октябрь – Карылар күнү

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.