Пандемия сынаган миграция

Кыргызстандан жумуш издеп чет мамлекеттерге кеткен жарандардын саны жыл санап өсүүдө. Расмий эмес маалыматтар боюнча эмгек мигранттарынын саны бир миллиондон ашты. Ал эми расмий маалыматтарда өткөн жылы мигранттардын саны 800 миңден ашуун деп көрсөтүлгөн.

Алардын басымдуусу Орусия мамлекетинде:

  • Орусия – 728 000;
  • Казакстан – 35 000;
  • Түркия – 30 000;
  • Германия – 8 575;
  • Түштүк Корея – 6 550;
  • Бириккен Араб Эмираттары – 5 500.

Өткөн жылы пандемия учурунда чет мамлекеттерде жүргөн кыргызстандыктардын 50 пайыздан ашууну жумушсуз калган. Киреше табуу убактылуу токтоп, акчадан кыйналган жарандар чартердик каттамдар менен өз мекенине кайтып келип жатышты. Тышкы иштер министрлигинин маалыматында 60ка жакын өлкөдөн 30 миңдей кыргызстандык жаран келген.

Экономика жаатындагы адистер, карантин мигранттарга иштеп тапкан каражаттарын үнөмдүү пайдалануу керек экендигин сездиргендигин айтышат. Ошондуктан финансылык сабаттуулук эрежелерин жайылтуу керек. Себеби 3-4 айлап жумушка чыкпай үйдө отуруп калгандардын көпчүлүгү жада калса тамак-аш тартыштыгына да дуушар болушкан.

Пандемияда миграцияга кабылган, жашоо шарты оор 4 200 үй-бүлө каттоого алынган. Аларга эл аралык уюмдар материалдык-гуманитардык колдоо көрсөтүштү. Кыргызстанга кайтып келе албай калган жарандардын балдарына өзгөчө көңүл бурулду.

Карантин жашы жете электерди ата-энесинин камкордугунан алыста экендигин сездирди. Психологиялык колдоого суроо-талап артты. Мындайда ар бир аймактагы балдар менен психологдор иш алып барышты.

Ош шаарынын тургуну Пашагүл Чолпонкулова апасы каза таап, атасы мигрант болуп жүргөн сегиз жаштагы небересин асырап алган. Былтыркы жылы пандемия учурунда небереси билим алуудан аксап, сабактарынан төмөн бааларды алып келе баштаган. Бул учурда “Миграциядан жапа чеккен балдарды коргоо” долбоорунун алкагында мугалим-психологдор колдоо көрсөтүшүп, бала менен тыгыз иштешти. Азыр сегиз жаштагы кыз сабактарына активдүү катышып, жалаң “беш” деген баа алат.

Белгилей кетсек, Кыргызстандан чет мамлекеттерге учак аркылуу баруучу ар бир жүргүнчү пандемияга байланыштуу коопсуздук талаптарды ар бир өлкөнүн элчиликтеринен тактап алуу сунушталат.

Маселен, Кыргызстандын жараны Орусияга баруу керек болсо, “Путишествие без ковид” деген мобилдик колдонмону телефонуна жүктөп алса болот. Колдонмодо жүргүнчү кайсы лабороторияга ПЦР тест тапшырса, ал Орусияда жарактуу болору сыяктуу маалыматтар да бар.

Ал эми Орусиядагы кыргыз мигранттары коронавируска каршы эмдөө алуу үчүн жумуш берген мекеме-ишканаларына кайрылуусу керек болот. Себеби,  вакцина алуу акылуу жана ал мамлекетте акча булагы – иш берүүчүлөр. Саламаттыкты сактоо департаментинин 8-июндагы токтомуна ылайык, ар бир эмгек мигрантына эмдөө үчүн төлөм акы 1 300 рубль деп көрсөтүлгөн.

Кыргызстандан Казакстан, Өзбекстанга түз аба каттамдары менен жетүү үчүн ПЦР тест тапшырышыңыз зарыл. Ал 72 саат жарактуу. Тактап айтканда, коронавирус илдетине чалдыккан эместигиңиз тууралуу тесттин анализи чыккан сааттан тартып, 72 саат ичинде аталган өлкөлөргө жетип барышыңыз керек болот.

Ошондой эле Бириккен Араб Эмираттары, Түркия мамлекеттерине Кыргызстандын жарандарынан ПЦР тест талап кылынат. Жарактуу мөөнөтү 72 саат, башкача айтканда үч сутка.

Эгерде Түркиядан ары дагы башка мамлекеттерге учак аркылуу сапар тартам дегендер болсо, элчиликтерден маалыматтарды тактап алуу зарыл.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстанга келген ар бир жүргүнчүдөн аба майдандан 72 саатка жарактуу делген ПЦР тесттин жыйынтыгы суралат. Балким ал жүргүнчү коронавируска каршы эмдөө алгандыгы тууралуу сертификат болсо, ПЦР тест тапшырууга кажет жок.

Макаланын видео версиясы

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.