Пандемия мезгилинде башка кылмыштар азайып, үй-бүлөлүк зомбулук көбөйдү

Пандемия мезгилинде башка кылмыштар азайып, үй-бүлөлүк зомбулук менен катталган фактылар көбөйдү. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын өкүлү
Нургүл Исакова билдирди.

“Кайрылуулар көбүнчө телефон аркылуу түшүп жатты. Бирок бизде аялдар арыздангысы келишпейт дагы, уруш күчөгөн убакта чакырышат. Бирок, окуя катталгандан кийин арыздарды алганга чейин же аял арыз жазбай коёт же жазып туруп бир сааттан кийин кайтарып алат. Ошондуктан катталган фактылардын 50 пайызы кайра кыскартылып кетет”,– дейт ал.

Кыргызстанда мындай факт катталса, жабырлануучунун өзүнүн арызысыз зомбулук көрсөткөн адамды камакка алганга болбойт. Бул учурда аялдардын көпчүлүгү арыз жазуудан баш тартат. Мындан улам, ушул тапта үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр сунушталып жатат. Анын негизинде жабырлануучунун арызы болбосо, ага күбө болгон жарандын арызы менен да аялына же балдарына кол көтөргөн үй-бүлө мүчөсүн 48 саатка камакка алууга мүмкүндүк түзүлөт.

Буга чейин үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө мыйзамдын негизинде: Үй-бүлөдө зордук-зомбулук фактысы катталса жабыр тарткан адамга алгач үч күндүк коргоо ордери берилип келген.

Бул убакыт ичинде жабырлануучу аял же өспүрүм бала менен зомбулук көрсөткөн үй бүлө мүчөсү сүйлөшпөй, бирге тамактанбай аралыкты сакташы керек болот. Үч күн аралыгында да ур-соккуга алса ал мөөнөт бир айга узартылат. Ошол бир ай ичи дагы зомбулук болсо гана иш арыздын негизинде тергөөгө өтөт.

«Аруулан» кризистик борборунун жетекчиси, психолог Наргиза Ештаеванын айтымында коргоо ордери берилген убакта анын эрежелерин сактабай кайрадан эле кол көтөргөн учурлар көп катталат.

Мындан улам, мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр зордук-зомбулуктун курч мүнөздө ырбап кетишинен сактап калышы мүмкүн.

«Жаңы өзгөртүүлөр боюнча убактылуу коргоо ордерине карабастан зордук-зомбулук көрсөткөн адамды 48 саатка алып барып, камап койгонго мүмкүнчүлүк бар. Убактылуу коргоо ордерин бергенде зордук көрсөткөн кишилерге анча таасирин бербейт. Бизде көп учурда анын эрежелерин бузуп кайра эле кол көтөргөн учурлар көп. Аларды дароо эле 48 саатка камакка алганы психологиялык жактан жабырлануучуну да, зомбулук көрсөткөн адамды да сактап калат. Себеби уруш учурунда эмоцияга алдырып, адам өлтүрүп же суицидке чейин алып барган учурлар болушу мүмкүн»— деди Наргиза Ештаева.

авторлор: Барчын Орозмаматова, Динара Абдижапар кызы

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.