Пандемия үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун көбөйүүсүнө алып келди

“Жарандык дипломатия” коомдук фонду тарабынан демилгеленип, биздин чыгармачыл топ тарабынан идаярдалган бул материалда үй-бүлөлүк зомбулуктун келип чыгуусу, себептери жана алдын алуу чараларын, карантин учурундагы статистиканын өсүүсү тууралуу баяндап беребиз.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, өткөн жылдын март айында башталган пандемия үй-бүлөлүк зордук-зомбулук фактыларынын көбөйүүсүнө алып келди. Маселен, Ош облусунун аймагында беш айдын ичинде эле 308 факт катталган. Ал эми быйылкы жылы 252 учур орун алып, салыштырганда пандемия убагында көрсөткүч көп болгон.

Зордук-зомбулук фактылары пандемия учурунда гана эмес, ага чейин, андан кийин да катталып жатат. Психологдор үй-бүлө мүчөлөрү баары бир убакта үйдө отуруп калуу жакшы жыйынтык бербейт деген тыянакка келишкен. Буга чейин өз жумуштары менен болуп, кези келгенде маектешип отурууга убакыт таппай калган адамдар, күнү бою үйдөн чыкпай отуруп, майда барат түшүнбөстүктөргө дуушар болуп жатышты. Айрым үй-бүлөлөрдө кичинекей пикир-келишпестик ырбап, зордук-зомбулукка жеткирген.

Пандемияда терс көрүнүштөрдүн өсүүсүнөн улам укук коргоочулар дагы онлайн форматта иштөөгө туура келди. Кайрылгандардын басымдуусу жолдошунан токмок жеп, үйдөн куулган аялдар, ошондой эле жубайынан зордук көргөн эркектер болгон.

Көйгөйдүн арты кесепеттерге дуушар кылат. Психологдор зордук-зомбулуктан аял же жолдошу эле эмес, бүт үй-бүлө мүчөлөрү жабыркашын эскертишет. Уруш-жаңжалдын акыры өз жанын кыйган фактылардын катталышына алып келүүдө. Айрыкча ата-энесинин көңүл сыртында калган өспүрүмдөрдүн арасында суицидке баргандар болду.

Үй-бүлөлүк зомбулук токтобой жатканына жарандар өздөрү да себеп болуп жатканы айтылат. Окуяга кылмыш иши козголгону менен жабырлануучулар тосмо арыз жазып, мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылбагандар тарабынан кайра эле зордук-зомбулук көрсөтүүгө барат.

Кыргыз Республикасынын жоруктар жөнүндө кодекси

66-берене, ден соолукка жеңил зыян келтирүү

  • Адамдын саламаттыгына анын ден соолугунун кыска убакытка бузулуусуна алып келбеген жеңил зыян келтирүү – I категориядагы айып пул400дөн 600гө чейинки эсептик көрсөткүчтө же болбосо I категориядагы 30дан 40 саатка чейинкоомдук жумуштарга тартуутүрүндөгү жазага алып келет.
  • Ден соолуктун кыска убакытка бузулуусуна же эмгекке жарамдуулукту бир аз туруктуу жоготууга алып келген ушундай эле жосун – 600дөн 800гө чейинки эсептик көрсөткүчтө II категориядагы айып пул, же болбосо II категориядагы40тан 60 саатка чейин коомдук жумуштарга тартуу түрүндөгү жазага алып келет.

75-берене, үй-бүлөдөгү зомбулук

  • Үй-бүлө мүчөлөрүнүн биринин үй-бүлөнүн башка мүчөсүнө же ага теңдештирилген адамга карата жабырлануучунун конституциялык жана башка укуктарын жана эркиндиктерин бузган, буга тете эле ага дене-бойлук же психикалык азаптануу келтирген же болбосо анын дене-бойлук же психикалык өнүгүүсүнө зыян келтирген кандай болбосун атайылап жасаган аракети – II категориядагы 600дөн 800гө чейинки эсептик көрсөткүчтө айып пул же болбосо II категориядагы4төн 6 айга чейин (эмгек акыдан 10дон 20 пайызга чейин чегерүү менен) түзөтүү жумуштары же болбосо II категориядагы 40тан 60 саатка чейин коомдук жумуштарга тартуу түрүндөгү жазага алып келет.
  • Зордук-зомбулукту түп тамыры менен жоюу үчүн коомчулук жапатырмак аракет көрүүсү керек дешет талдоочулар. Мектептен баштап үй-бүлөлүк баалуктарды сактоо, ата-эне менен баланын ортосунда мамиле куруу тажрыйбалары үйрөтүлүшү зарыл.

Аты-жөнүн сыр тутуубузду өтүнгөн 44 жаштагы каарманыбыз зордук-зомбулукта жабыркап жашаганын баяндап берди. Жолдошу мас абалда өзү менен кошо балдарын да уруп сабап жүргөн. “Эл укса эмне дейт, балдарым атасыз өсөт” – деп чочулап 14 жылдык өмүрү кордук менен өткөн. Бирок мындай жашоо мүмкүн эмес эле. Ал юридикалык, психологиялык жардам алып, балдары менен жашоонун жаңы агымына багыт алышты.

Статистикалык маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда жыл санап үй-бүлөлүк зомбулук фактылары өсүп жатат.  2019-жылы 6 145 учур катталса, 2020-жылы 7 669 факты орун алган. Эсиңизде болсун, эгер сиз үйдө уруп-сабоодон жабыркап келсеңиз, анда сизди коргоого мыйзам бар. Аймактык милицияга же укук коргоочуларга кайрылыңыз.

Үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылгандарга көмөк көрсөтүүчү кризистик борборлордун байланыш номерлери:

  • Социалдык өнүктүрүү министрлигинин “111” ишеним телефону;
  • Бишкек шаарындагы “Сезим” кризистик жана психологиялык борбору, (312) 51-26-40:
  • Ош шаарындагы “Ак-Жүрөк” кризистик борбору, 0550 231 329;
  • Талас облусундагы “Маана” (“Аялзат” коомдук фонду),+996 (03422) 5 38 18, 5 55 81;
  • Нарын шаарындагы “Теңдеш” кризистик борбору, (700) 257890, (3522) 5 02 70;
  • Жалал-Абад шаарындагы “Каниет” кризистик борбору, (3722) 5 50 84;
  • Баткен облусундагы “Жаңыл Мырза” кризистик борбору,(777) 39 30 77;
  • Ысык-Көл облусундагы “Химая” аялдар үчүн реабилитациялык жардам көрсөтүү борбору, (702) 223535, (551) 733 390.

Макаланын видео версиясы

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.