FB Twitter YouTube Одноклассники

Памирдеги 33 кыргыз Кыргызстанга көчүрүлүп келди

Афганистандын Улуу Памиринде жашаган 33 кыргыз Кыргызстанга көчүрүлүп келди. Бул тууралуу вице-премьер Чолпон Султанбекова билдирди.

Анын айтымында, учурда алар Оштон Жалал-Абадга келишти.

Көчүрүлүп келген 33 кыргыздын көбү балдар. Аларды билим берүү максатында алып келдик. Араларында кош бойлуусу дагы бар. Андыктан 34 кыргыз деп жатабыз. Себеби келиндин төрөө маалы жакындап калыптыр“, – деди Султанбекова.

Ал белгилегендей, памирлик кыргыздар эми Жалал-Абаддан Нарын шаарына алып келинип, аймактарга жайгаштыруу иштери жүргүзүлөт.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 2-октябрында Афганистандагы Улуу жана Кичи Памирде жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам көрсөтүү максатында жүк салынган бир нече автоунаа жөнөтүлгөн.

Булак: Спутник

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz