Палас жууп жаткан аял жана анын эки кызы каза болду

Казакстандын Астана шаарынын 43 жаштагы тургуну жана анын эки кызы палас жууп жатып каза болушту. Бул тууралуу коңшу өлкөдөгү Tengrinews.kz пресс- кызматы жазды.

Кырсык 14- июль күнү саат 15:30дарда жүз берген.

“Нур- Есиль каналынын жээгинде палас жууп жаткан 1975- жылы туулган аял жана анын 11, 12 жаштагы эки кызы сууга кулап, чөгүп кеткен”,- деп жазылат маалыматта.

Маркум кыздары менен тыюу салынган жерге палас жууп жаткан эле.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген