Пакистанда кыргыз жаранынан коронавирус табылды

Пакистанда жүргөн кыргыз жаранына коронавирус табылды. Бул тууралуу 23-мартта Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 57 жаштагы кыргыз жараны 60, 42 жана 24 жаштагы төрт мекендеши менен Пакистанда даават кылып жүргөн. Бешөө тең ал жакта консулдук каттоого турган эмес жана жардам сурап элчиликке кайрылган эмес.

Оору табылган кыргызстандык учурда Исламабад шаарынын Pakistan Institute of Medical Sciences ооруканасында жатат, калган төртөө карантинге алынды. Кыргызстандын Пакистандагы элчилиги Исламабаддын администрациясы менен байланышта турат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген