Пакистанда 91 жүргүнчүсү менен бара жаткан учак жарылып кетти

Пакистандын Карачи шаарында 91 жүргүнчүсү бар учак жарылды. 

Airbus A320 учагы Лахор шаарынан Карачи шаарына учуп келип, аэроптортко жакын калганда жарылып кеткен. Аталган учакта жүрүнчүлөрдөн тышкары 8 экипаж мүчөлөрү болгон.

Пакистандык журналист Хуррам Ансари өзүнүн Твиттердеги баракчасына учактын жерге конооруна 2-3 мүнөт калганда жарылгандыгын жазган. Анын билдиришинче, учак жарылган аймактагы бир канча үйлөр, унаалар күйүп, адамдар оор жаракаттарды алышкан.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген