Падышанын жөнөкөй эле сүрөтү жалгыз бой энеге жардам берет. Кантип?

Рождество майрамына жакын көптөгөн басылмалардан орун алган жана кеңири тараган бул сүрөт- падышалык үй-бүлө мүчөлөрүнүн сүрөтү. Сүрөттүн автору 39 жаштагы Норфолк Карен Анвил аталган сүрөттөн тапкан акчасын кызынын окуусу үчүн төлөөнү пландап жатат.

Фотографтын айтымында, анын 17 жаштагы кызы Рейчел көптөн бери Рождество майрамында” Мария Магдалена” чиркөөсүнө барып ал жерге жыл сайын келген падышанын үй-бүлө мүчөлөрүн көрүүнү кыялданып жүргөн.

Бул жылы Карен капысынан аталган чиркөөгө барып калып, кызынын кыялын орундатты. Кызы Рейчел падыша үй-бүлөсүн жанынан көрүп, ал эми апасы аларды сүрөткө тартып алганга да жетишти.

Алгач Карен тартып алган сүрөттү өзүнүн “Твиттердеги” баракчасына жайгаштырган. Бир нече сааттан кийин эле жергиликтүү басылмалардан телефон чалууулар келе баштайт. Журналисттер андан падыша үй-бүлөсүнүн сүрөтүн жарыялаш үчүн уруксат сурашканда, ал токтоосуз эле макулдугун билдирген. Бирок достору эмгеги үчүн акча алса болоорун айтышкандан кийин  ойлоно баштайт.

“Мен жалгыз бой энемин, бирок мындай абалымдан пайдаланып адамдарга бечера көрүнгүм келбейт. Учурда эки жумушта иштейм. Кудайга шүгүр, бул үчүн   сыймыктанам. Бирок кызымдын окуусу үчүн төлөшүм керек. Эгерде тарткан эмгегимден акча келип, кызымдын окуусуна керектүү сумма чогулса, анда сонун болмок,”- дейт Карен Анвил.

Учурда Каренге көптөр кызыгып, кантип эле падышанын үй-бүлөсүн сүрөткө тартып алгандыгын, аларды кантип өзү тарапка караткандыгын сурап жатышат.

Анда Карен:” Мен табиятымдан тамашакөймүн. Кызым экөөбүз чогуу турганбыз, анан эле падышанын үй-бүлөсү келип калды. Аларды көргөндө кызымдын кыялы орундалганын ойлоп өтө толкунданып кеттим да, “Рождество майрамыңыздар менеен!”- деп аябай катуу кыйкырып жибердим. Мени көргөндөр келесоо деп ойлошсо керек. Мейли, ойлой беришсин, эң негизгиси падыша үй-бүлөсү мен тарапка карады да,”- деп жооп берип жатат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.