Оюнчук ат менен улак тарткан бөбөктүн видеосу интернетте топ жарды Видео

Оюнчук ат менен үй ичинде көк бөрү тартып, интернетте топ жарган баланын аты Баязет. Видеону Instagram тармагында көк бөрү оюндарын чагылдырган “Патриот Барпы” аккаунту 3 күн башта жарыялаган. Баланын атасын таап байланышканыбызда, алар борбор шаарда жашаган Аксы районунун тургундары экенин айтты.

Кадрда көрүнүп тургандай үч жаштагы Баязет оюнчук атты минип, жерден “улакты” эңип, андан соң такымга баскан бойдон чаап барып тай казанга ыргытат. Анда да жөн эле ыргытып койбостон, башы менен “тай казанга” кирип кетчүдөй ыкма жасаганын көрсөткөн. Чын эле, ал күнүмдүк турмушта колдонгон дагараны тай казан кылып алган.

Бөбөктүн атасы Султанбек Абдрахмановдун айтымында, ал кичинесинен эле аттарды көрүп чоңоюп келатат. Чоң атасы атка мингизип ойнотот. Баязет жакында өткөн “Көк бөрү” боюнча Президенттин кубогун жеринде көргөн. Андан сырткары III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнундагы “Көк бөрү” беттештерин көрүп, таасирлерип калган. Мурда да оюнчук аттарга минип, улак тартуу оюну менен ойночу. Бул жолу атасы Султанбек Абдрахмановдон демилге чыгып, мына ушундай видео жаралды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген