ОшТВ телеканалына Маратбек Акимбеков башкы директор болуп дайындалды

ОшТВ телеканалына Маратбек Акимбеков башкы директор болуп дайындалды. Бул тууралуу телеканалдын кызматкерлери билдиришти.

Анда маалымдалгандай, жаңы дайындалган жетекчини бүгүн, 29-сентябрда мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы жамаатка тааныштырды.

Телеканалды буга чейин Керимбек Калыкулов жетектеген. Ал эми Маратбек Акимбеков “Азаттыктын” аймактык кабарчысы болуп иштеп келген.

ОшТВ телеканалы 1991 -жылдан бери эфирге чыгат. Компания телекомпаниянын негиздөөчүсүнүн мүлкүн конфискациялоо аркылуу мамлекеттин менчигине өткөрүлүп берилген. Менчикти өзгөртүү жана улутташтыруу боюнча сот иштери 2010-жылы Кыргызстандын түштүгүндө болгон башаламандыктан кийин жүргүзүлгөн. Учурда телекомпания мамлекетке таандык жана Өкмөткө караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду тарабынан башкарылат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.