Оштун жаштары угуусу начар балдар үчүн майрам уюштурду

23-май күнү Кара-Суу районундагы  атайын дүлөй балдар үчүн мектеп-интернатында Ош шаардык жаштар комитети  тарабынан кайрымдуулук акция уюштурулду.

Анын алкагында балдарга Токтогул Сатылганов атындагы эс алуу парктагы велосипед ойнотулду, Мээрим паркында эс алуу, Сулайман-Тоо музейи менен таанышып, андан сырткары шаардагы оюн –зоок аянтчаларында аттракциондордо эс алышты.

Ош шаардык жаштар комитетинин  жетекчиси Иззатбек Берхматовдун айтканына ылайык аталган иш-чаранын максаты жашы жете элек балдарды эс алдыруу жана аларга моралдык –материалдык жактан көмөк көрсөтүү.

Аталган саамалык Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев жана шаардык депутаттар тарабынан жана Сулайман-Тоо музей комплекси тарабанан уюштурулган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген