Оштун жаңы мэри эмгек жамаатка таныштырылды

Бүгүн, 2-августта Ош шаарынын жаңы мэри Алмаз Мамбетов жалпы эмгек жамаатка тааныштырылды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ал эми мурдагы калаа башчысы Таалайбек Сарыбашев Бишкек шаарынын мэри болору маалымдалды.

Эске салсак, 45 жаштагы Алмаз Мамбетов акыркы мезгилге чейин президенттин жана өкмөттүн иш башкармасын жетектеп келген. Ага чейин бир жыл мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы болуп иштеп, 2016 -жылдан 2019 -жылга чейин Балыкчы шаарынын мэри болгон.

Таалайбек Сарыбашев 50 жашта, 2018 -жылдан бери Ош шаарынын мэри болуп иштеген. Ага чейин үч жыл бою өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болгон. 2012-2015 -жылдары Ош облусунун Алай районунун акими болуп иштеген.



Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.