Оштун тургуну: Жергиликтүү ишканалардан чыккан беткаптар кайда?

Ош шаарындагы дарыканаларда бет кап жок, дары-дармектердин, антисептикалык каражаттардын баасы кымбаттап кетти. Бул тууралуу “Ынтымакка” шаар тургундары билдирди.

Оштун жашоочулары ушул жуманын башында жергиликтүү ишканалардан чыккан беткаптар сатыкка чыкты деген маалымат алышкан. Бирок дарыканаларга кайрылып, бир дагы бет кап жок экендигине күбө болушту.

“Өзүбүздөн күнүнө 5-10 миң даана бет кап иштелип чыгып жатат дегенди угуп, тартыштык болбойт экен дедик эле. Бирок бүгүн, 18-мартта шаар борборундагы дарыканалардын биринен да бет кап таба албай койдук. Анысы аз келгенсип, 35 сомдук антисептикалык каражаттын баасы 70-80 сомго чыгып кетиптир. Мурда 7-8 сомдон эле алып жүргөн парацетамол, цитромон дарылары 20 сомдон сатылып жатат”,-деди Ош тургуну.

Ал эми шаардагы дарыканалардын бирине байланышканыбызда, сатуучу беткаптар келбей жаткандыгын, ал эми антисептикалык каражаттар кечээ түгөнгөндүгүн айтты.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген