Оштун төрт сүрөтчүсү Түндүк Кипрде конокто болду

2019-жылдын аяк ченинде Түндүк Кипрде өткөн түрк элдеринин заманбап Музейинин ачылышына Кыргызстандын түштүгүнөн беш сүрөтчү барып катышышты. Сүрөтчүлөр Жакынкы Чыгыш Университети тарабынан чакырылган.

Жаңы музейге дүйнөнүн 14 мамлекетиндеги сүрөтчүлөрдүн коллекциялары коюлуп, анын ичинде Кыргызстан, Турция, Азербайджан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Татарстан, Гагаузия, Башкырстан, Дагестан, Алтай жана Туба өлкөлөрү бар.

Ош облусунан Кипрге Тургунбай Ташкузиев, Алымбек Төрөгелдиев, Мамаралы Эшпаев, Ырысбай Төлөнов барса, Ильяз Шериппаев Ала- Бука районунан барды.

Маданияттын эмгек сиңирген ишмери Ырысбай Төлөновдун айтымында, катышуучулар келишимде көрсөтүлгөндөй, өздөрүнүн чыгармаларын жаратышты.

“Боектор, кисттер менен эч кандай маселе жаралган жок, баарын бекер, ченебей берип турушту. Ар кимибиз өзүбүз каалаган темада эркин сүрөттөрдү тарттык. Жараткан чыгармаларыбызды Кипрге калтырдык. Ал эми барган өлкөдөн эстелик катары өзүбүз менен кисттерибизди ала келдик”,- деди Төлөнов.

Төлөнов билдиргендей, Кипрге барыш үчүн алар чыгармаларынын үлгүлөрүн жөнөтүшүп, натыйжада жогорудагы беш сүрөтчүгө чакыруу берилген. Жолго жана тамак- ашка кеткен чыгымдарды чакырган тарап төлөп берген. Заманбап музей ушул жылдын күз айларында жабылат.

Белгилей кетсек, Жакынкы Чыгыш Университети 1988-жылы Түндүк Кипрде негизделген. Анда студенттер англис тилинде билим алышат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген