Оштун төрт көчөсүндө алты күнгө газ өчтү

Оңдоо иштерине байланыштуу Ош шаарынын Ибраимов, Сүйүнбаев, Алиев, Ленин көчөлөрүндө жаратылыш газын убактылуу өчүрүлдү. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” компаниясы кабарлады.

Газ 2-июндан тартып бериле баштайт.

Оңдоо иштери “көгүлтүр отунду” үзгүлтүксүз берип туруу үчүн жасалууда.

2014-жылы Кыргызстандын “Кыргызгаз” ишканасы Оруcиянын “Газпром” ишканасына сатылып, “Газпром-Кыргызстан” ишканасы түзүлгөн. Натыйжада “Ошгаз” ишканасы да “Газпромго” өткөн.

Булак: Азаттык

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген