Оштун студенттери карылар үйүнө жардам беришти. Фото

Бүгүн, 15-март күнү  студенттер карылар үйүндө кароосуз калган карыялар жана ата-эне мээриминен ажыраган балдардан кабар алды. Бул тууралуу “Ынтымакка” Уулкан Акжигит кызы билдирди.

Кайрымдуулук акциясынын алкагында уюштуруу топ калаадагы “Боорукердик” карылар үйүндөгүлөргө   тамак-аш, кийим-кече жана жаш балдарга таттууларды белек кылышты.

“Иш чаранын негизги маскаты коомчулукту кайрымдуу болууга үндөө болуп саналат. Бизге эч ким демөөрчү болгон жок. Өз чөнтөгүбүздөн эле белектерди алдык”,- деди ал.

Уюштуруучуларды айтымында, иш чара мындан ары да улантылат. Ал эми акциянын соңунда студенттер тарабынан концерттик программа тартууланды.

Белгилей кетсек, аталган карылар үйүндө 21 карыя жашайт.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген