Оштун орус мектептери: бир класста 60 окуучу болсо, бала кандай билим алат?

Бир класста 50-60 окуучу. Үч нөөмөт. Ош шаарындагы орус тилдүү мектептердин баары эки-үч эсе ашыкча жүктөм менен иштеп келет. Мурда кыргыз, өзбек тилдүү  окуу жайларынын саналуусунда гана орус класстар болгон.  Алты жыл мурун кыргыз, өзбек тилдүү билим уяларынын 70%да расмий тилде окутуу киргизилди. Бирок бул кадам да көйгөйдү чече алган жок.

Окубаса мейли, орусча сүйлөсө болду

Любовь Зубкова  – 45 жылдык тажрыйбасы бар педагог. Акыркы 25 жылдан бери А.Макаренко мектебинде башталгыч класстарга сабак берет. Быйыл  1-класска 54 баланы кабыл алды. Мугалим окуучунун көптүгү түйшүк жаратарын, бирок ушундай шартта билим берүүгө көнө баштаганын айтат.

“Быйыл дагы аз. Өткөн жылы 61 баланы 4-класстан чыгардым. Шаардыктар-айылдыктар, орусча билгени-билбегени, бакчага барганы-барбаганы болот. Төрт жылда баары орусча сүйлөп калат. Бир класста эки эсе көп окуучу болгон менен баягы эле 45 мүнөттүк сабак. Баарына көңүл буруу кыйын. Анан дептерлерин текшеребиз. Бул, албетте, мугалимдерди чарчатат”, – дейт Любовь Зубкова.

Любовь Зубкова Билим күнүндө окуу куралдары менен тааныштырып жатат

Ош шаарындагы таза орус тилдүү 6 мектептин баарында абал ушул.  Жалпы алганда алар 4900 окуучуга ыңгайлашкан. Бирок азыр балдардын саны 15 миңден ашат. Адатта окуу эки нөөмөттө жүргүзүлөрүн эске алганда деле окуучулардын саны ченемден эки  эсеге көп болуп жатат.

 

М.Ломоносов гимназия мектеби мындан 90 жыл мурун 285 орунга деп курулган. Ылайыкташкандан төрт эсе көп балага билим берген окуу жай быйыл жакын жайгашкан Ю.Гагарин мектебинен 3 класстык бөлмө сурады. Эми ал жакта үч нөөмөттө алты классты да окутушат.

“Өзүбүзгө бөлүнгөн аймактан эле балдарды кабыл алсак, абдан сапаттуу билим бербейт белек. Бирок биз кайрылгандарды кабыл алууга милдеттүүбүз. Үч нөөмөттө окутабыз. Бир класста 50дөн ашык бала. Башталгыч класстарда бир мугалим эки классты окутат. Тажрыйбалуу, мыкты педагогдор жеке мектептерде эрте менен сабак берип, түштөн кийин бизде иштешет”, – дейт Ломоносов мектеп-гимназиясынын директору Гүлмира Осекова.

Ош шаарында 53 мамлекеттик мектеп бар. Анын жетөөсүндө окутуу толук орус тилинде. Мүмкүнчүлүгү чектелүү 140 баланы тарбиялаган №12 көмөкчү мектепти алып коелу. Ошондо орток санды карасак, орус мектептердин ар бирине 2360тан окуучу туура келсе, башка тилде окуткандарга 808ден бала туура келет.

Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Бектурсун Көкөновдун айтымында, көпчүлүк ата-энелер класста 60 окуучу болсо, балам кандай билим алат деп тынчызданбайт. “Сабакты жакшы билбесе деле мейли, орусча сүйлөсө болду” дегендер четтен табылат.  Бул тенденцияга, албетте, миграциялык агым таасир этүүдө.

“Орусияда иштеп, тилден кыйналган ата-энелердин мээсине орусча окутуш керек деген түшүнүк сиңип калды. Азыр шаар борборундагы орус мектептерде бала өтө көп. Муну жөндөш үчүн 2012-13-окуу жылында кыргыз жана өзбек тилдүү билим уяларынын дагы бир катарында орус класстарын ачтык. Бирок орус мектептердеги баланын саны бир аз эле азайбаса, абал ошол бойдон. Анткени илгертен орусча билим берген окуу жайларында тажрыйбалуу педагогдор, тилди алып жүрүүчүлөр бар. Баары баласын ошол жактан окуткусу келет”, – дейт Көкөнов.

 

Кош тилдүү мектептер маселени чечтиби?

Орус тилдүү мектептерде окуучулардын санын жөндөш үчүн Ош шаардык билим берүү башкармалыгы 2010-11-окуу жылынан кыргыз жана өзбек тилдүү мектептерде орус класстарын ачкан. Мурда деле кош тилдүү билим уялары болгон, бирок саналуу гана. Ошентип, орусча да билим  берген кыргыз жана өзбек мектептеринин үлүшү 70%га жетет.

Анализ көрсөткөндөй, кош тилдүү мектептерде нормадан көп бала окуткан тайпалар 5-класстан кыскара баштайт. Себеби мындай – кыргыз жана орус мектептеринин көбүндө орус тилинде башталгыч класстар гана ачылган. Андан ары расмий тилде окутууну улантууга мугалимдер өтө таңкыс. Ошентип, төрттү бүткөндөн кийин окуучулар кайра эле таза орус тилдүү мектептерге агыла баштайт.

Эскертүү: техникалык коопсуздук, санитардык нормалар боюнча Кыргызстанда бир класстагы баланын саны 25тен ашпаш керек. 
Бирок  коомчулук жана мектептердин өзү көнүп калган “бир класста 30дан окуучу” деген түшүнүктү биз стандарт катары карадык.

Кош тилдүү мектептердеги орусча окутуу сапаты дагы чоң суроону жаратат. Олимп гимназия мектебинин директору Александр Язевдин айтымында, кыргыз жана өзбек мектептеринен орусча окуп келгендердин дээрлик баары гимназиянын сынагынан жыгылат.

“Мектеп администрациялары келечек стратегиясын кошо караш керек. Башталгыч класска бир мугалим таап келип, орусча класс ачып коюш оңой. Бирок балдардын киийнки тагдыры эмне болот? Китеп, кадр маселеси кантет? Ушундай суроолорго жооп жок”, – дейт Язев.

Орус тилдүү мектептердеги кадр маселеси Ош шаарында чынында чоң көйгөй.  Учурда 168 мугалим жетишсиз болсо, анын 86%ы расмий тилде билим берген окуу жайларга туура келет. Өзгөчө башталгыч класс жана так илимдер боюнча педагогдор тартыш.

 

Ашыкча жүктөм билим сапатына гана эмес, мугалим-окуучулардын психологиясына да таасир этет

Класста нормадан көп окуучунун болушу сөзсүз түрдө билим сапатына, балдардын психологиясына, мугалимдердин ишинин натыйжалуулугуна кедергисин тийгизет. Маселен, ресурстары жетиштүү, эң мыкты, тажрыйбалуу мугалимдерге бай орус тилдүү мектептердин быйылкы рейтингдеги көрсөткүчү жакшы эмес. Билим сапаты боюнча эң мыкты он окуу жайдын  үчөө гана орус мектептери болду.

Класста бала көп болгондо мугалим зирек, тыңыраак окуучулар менен гана иштейт деп айрым ата-энелер байкоолору менен бөлүштү. Гүлжайна (аты эненин суранычы менен өзгөртүлдү) былтыр орусча окуган уулун быйыл кыргыз мектепке которуп жатат.

“Бир класста 60 бала. Мугалим жакшы окугандары менен гана иштешип, калгандарына көңүл деле бурбайт экен. Акыркы партада отургандар жазбай-укпай эле, бирөөсү жатат. Экинчиси дагы башка нерсеге алаксып отура беришет. Анын үстүнө балам өзү да орусча билбей, анан бошурак келип, такыр чүнчүп кетти. Ошентип, быйыл кыргыз мектепке которулмай болдук”, – дейт Гүлжайна.

Чакан топтордо окуу-иштөө мугалим үчүн да, бала үчүн жеңил  дейт психолог Жазгүл Атагулова. Анын айтымында окуучу көп болгондо, балада тынсыздануу, агрессия пайда болот. Айрымдар пассивдүү боло башташат.

“Педагогдун милдети – баарын таанып-билип, окуу процессин көзөмөлдөө. Бирок бул колунан келбей жатса, мугалим ачуусун балдардан чыгарышы мүмкүн”, – дейт психолог. (Булан институтунун докладынан).

 

Бир эле орусча билимге суроо-талаптын көптүгү себеп эмес

Ош шаарындагы мектептерде окуучунун ченемден көп болуп жатканына бир эле орусча билимге суроо-талаптын көптүгү себеп эмес. Биринчиден, калктын саны өсүп жатат.  Улуттук статистикалык комитеттин маалыматында, акыркы 18 жылда балдардын саны 20%га өскөн. Экинчиден, ички миграция агымы Бишкек, Ош шаарларына миңдеген баланы алып барууда.

Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Бектурсун Көкөновдун айтымында, 80-жылдардан бери калаанын борбордук бөлүгүнө бир да мектеп салынган эмес.  Жаңы билим уяларын салууга Ошто жер жок. Стандарт бюнча окуу жай тургузууга гектарлаган жер керек. А мамлекетте кайсы бир жеке тилкени компенсация төлөп сатып алганга каржы тартыш. Ал ортодо азыр иштеп жаткан мектептер да жаңыланууга муктаж. Басымдуусу 80-90 жыл мурда салынган.

Азырынча орус жана кыргыз, өзбек мектептериндеги бала саны боюнча теңсиздикти ар кандай жол менен жөндөгөнгө аракет жүрүүдө. Мэрия мектептер өз тилкесинен сырткаркы аймактардан окуучуларды кабыл албасын деген токтом чыгарды. Бирок документ максатына жеткен жок. Билим берүү башкармалыгы болсо кыргыз мектептеринин беделин көтөрүүгө, көп тилдүү окутуу программасын жайылтууга аракет көрүүдө. Ал эми эксперттер кыргыз тилдүү мектептердин гана эмес, кыргыз тилинин кадыр-баркын мамлекеттик деңгээлде көтөрүү керектигин белгилешет.

Окуучулардын санынын ченемден көп болушу бүт өлкө боюнча байкалат. Албетте, ички миграциянын эсебинен Бишкек жана Ош шаарларында абал өтө оор. Бирок башка аймактарда мындай көйгөй жок дегенге болбойт. Булан институтунун маалыматында Кыргызстандагы мектептер жалпысынан 600 миң орунга ылайыкташса, азыр окуучулардын саны андан эки эсеге көп.


Бул материал ЮСАИДдин каржылык колдоосунда Интерньюс ишке ашырып жаткан Медиа-К долбоорунун ачык маалыматтар менен иштөө багытынын алкагында Дүйнөлүк Банк менен өнөктөштүктө даярдалды. Авторлордун пикири өнөктөштөрдүн пикирин билдирбейт жана алардын позициясына дал келбеши мүмкүн. 

Материалды даярдагандар: Ныяз Ташматов, Мырзайым Жаныбек кызы, Алтынай Мамбетова, Анастасия Валеева

Сүрөттөр: Мусулманкул Шакиров

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген