Оштун мэри социалдык жактан муктаж болгон шаардыктарды жеке кабыл алуусуна чакырды

19-апрель күнү Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев №4 “Ак-Тилек” жана №5 “Керме-Тоо” аймактык кеңешинин тургундары менен жолукту. Жылына эки ирет болгон жолугушуу мекеме-ишканалардын ишин жеңилдетип, орчундуу маселелерди ирээти менен чечүүгө өбөлгө түзөт.

Жолугушууда алгач шаар башчысы Ош шаарында аткарылган жумуштар туурасында кенен токтолду. Акыркы төрт жыл ааралыгында жүргөн курулуш революциясы, экономикалык көрсөткүчтөр, элдин муктаждыгын аткаруу жаатындагы алгылыктуу иш- аракеттер туурасында отчёт берип, слайд көрсөтүлдү.

Андан соң, Айтмамат Кадырбаев аталган аймактык кеңешинин тургундарынан келип түшкөн ар бир катка жооп берип, тийиштүү жетекчилерге тапшырмаларды берди. Жол, жылуулук системага кошулуу, таза суу түтүкчөлөрүн алмаштыруу жана электр мамычаларын орнотуу сыяктуу суроолор келип түштү. Тункү жарыктандыруу боюнча жооп берип жатып калаа башчысы төрт жыл аралыгында шаардагы 12 аймактык кеңештин жана Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын карамагына кирген айылдардын көчөлөрү түнкү жарык менен толук камсыз боло тургандыгын билдирди. Ошондой эле тыгын маселесин жоюу багытында айлампа жол куруу менен, жаңы автобустарды алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын кошумчалады.

Шаардын жашоочуларынын келип түшкөн каттар протоколдоштурулуп, шаар мэри Айтмамат Кадырбаев социалдык жактан муктаж болуп жаткан айрым жашоочуларды жеке кабыл алуусуна чакырды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген