Оштун мэри согуштун ардагерлеринен кабар алып, майрамга карата белектерин тапшырды

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринен кабар алды. Бул тууралуу мэриянын маалымат катчысы кабарлады.

Мэр Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери Касымбай Жолдошев жана Жапар Хакимовдун үйлөрүнө барып ал-абалын сурагандан тышкары акчалай жардам жана 23-февраль-Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата майрамдык белектерин тапшырды.

“Ардагер Касымбай Жолдошев аксакал 95 жашта болсо, Жапар Хакимов 97-жаштын чайын ичип жатат”,- деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле калаа башчысы Ош шаарында Улуу жеңиштин 75 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленип, согуштун ардагерлерине өзгөчө көңүл бурулаарын билдирди.

Учурда Ош шаарында жалпысынан 6 согуштун ардагери, 16 ооруктун каарманы жашайт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген