Оштун мэри согуш ардагерлеринен кабар алды. Фото

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Улуу Ата Мекендик согуштун 95 жаштагы ардагери Жолдошбай Адаев менен 94 жаштагы Салахидин Токтобаевдин үйлөрүнө барып, Улуу Жеңиштин 74 жылдыгы менен куттуктады.

Ардагерлерден кабар алган калаа башчысы ар бир ардагерге 10 миң сомдон акчалай сыйлыктарын жана майрамдык белектерин тапшырды.

“Сиздер Улуу Ата Мекендик согуштун жана ооруктун ардагерлери баатырларыбыздын өлбөс-өчпөс эрдигин унуттурбай, жаштарды эрдикке шыктандырып, мекенчилдик сезимдерин ойготуп келесиздер. Ал эми биздин ыйык милдетибиз –ардагерлерибизди урмат-сыйга бөлөп, ар-тараптан камкордук көрүү. Ар-бириңиздерге бекем ден-соолук, бакубат жашоо, аманчылык каалайм! Кан-жаныңарды аябай, сактап калган тынчтык үчүн, Улуу Жеңиш үчүн сиздерге баш ийип, таазим кылабыз!”,-деди Т.Сарыбашов.

Өз кезегинде ардагер шаар жетекчисине аларга көрсөтүлгөн камкордуктар үчүн ыраазычылыгын билдирип,өлкөдө түбөлүк тынчтык жана бейпилдик болушун каалашты.

Айта кетсек, быйыл Улуу Жеңиштин 74 жылдыгына карата Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинен согуштун ардагерлерине 10 миң сомдон, ооруктун каармандарына 5 миң сомдон бөлүнгөн. Учурда Ош шаарында жалпысынан 7 согуштун ардагери, 19 ооруктун каарманы жашайт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген