
Бүгүн Таалайбек Сарыбашовго Ош шаарынын мэринин кызматтык күбөлүгү тапшырылды. Бул тууралуу Ош шардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Бүгүн Ош шаарынын мэриясынын кеңейтилген аппараттык жыйыны өттү. Жыйынга КРнын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов, мекеме-ишканаларынын жетекчилери, аймактык кеңештин өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты.
Жыйында Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын өкүлү Расул Кадыров Таалайбек Сарыбашовго БШКнын мэрлик кызматка расмий каттаганын билдирип, күбөлүк тапшырды.
18-июлда Ош шаардык кеңешинин кезексиз отурумунда мэр шайланып, шайлоого 45 депутат толугу менен катышкан. Натыйжада Таалайбек Сарыбашов 44 добуш менен мэрликке дайындалган.
- 25.07.2018