Оштун көпчүлүк аймактары эки күн жарыксыз калат

Бул тууралуу  “Ынтымакка”  “Ош Электро” ААК нын маалымат катчысы Талгат Алиханов билдирди.

Маалыматка ылайык, 18-19-ноябрь күндөрү  Ош шаарынын Курманжан-Датка кичи шаарчасында, Амир-Тимур, Обзорная, С. Айни, Кулматов көчөлөрүндө оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу электр жарыгы өчүрүлөт.

Мындан сырткары 18-ноябрь күнү 8-00дөн  17-00гө чейин Ош облусунун Талдык, Бек-Жар, Топ-Терек, Лангар, Каратай, Лаглан, Кызыл-Ой, Тээке айыл аймактарында Ишкаван, Керме-Тоо, Кызыл-Байрак, Коммунист, Жданов айылдарында да 9 саатка электр жарыгын берүү токтотулат.

Ал эми 19-ноябрь күнү  Араван районунун Төө-Моюн айылында жана Ноокат районунун Төөлөс, Он-Эки-Бел, Кайрагач, Бел-Өрүк, Кой-Басар айылдарында да жарык берүү чектелет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген