Оштун көк бөрү кубогун Өзгөн району утту

Ош облусунун жана Ош шаарынын көк бөрү боюнча ачык кубогу 24-25-февраль күндөрү калаадагы ат майданда өттү. Ага 13 команда катышып, 4 топко бөлүнүп күч сынашышты. Оюндун финалдык турун Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков ачып берди.

Жыйынтыгында, 1-орунду багындырган Өзгөндүн командасы кубок жана “Жигули” унаасын алды. 2-орунга Аксы районунун командасы чыгып, “Опель” машинасы тапшырылды. Ал эми 3-орунга Кара-Кулжанын “Ынтымак” командасы ээ болуп, 1 тай менен сыйланды.

Мындан сырткары, “Эң мыкты оюнчу” “Эң мыкты ат” наамдарынын ээлерине сыйлыктар тапшырылды.

Сүрөт: Заир Абдукеримов

 

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar