Оштун эстеликтери эмне жөнүндө сүйлөйт?

Ош шаарында 52 эстелик бар. Алардын сегизи комплекс болсо, 52си скульптуралык чыгармалар, 21 эстелик жана 20 бюст. Булардын баары муниципалдык менчик башкармалыгынын каттоосунда турат. Мекеменин тизмесине орто мектептердин короосуна коюлган эстелик жана бюсттар да кошулган.

Элүүдөн ашык ар бир эстеликти жууп, жака-белин тазалап турууга шаардагы ишкана же окуу жайларына жүктөлгөн. Мындан сырткары муниципалдык менчик башкармалыгы жыл сайын аларды косметикалык оңдоодон өткөрүп турат. Бул үчүн бюджеттен жылына 2 млн сом ажыратылып турат. Былтыр тендердин негизинде ремонттоо иштери 1 млн 750 миң сомго бүткөн.

Исхак Раззаков багын өткөн жылы дээрлик 1 млн сомго реконструкцияланды.

Муниципалдык менчик башкармалыгынын маалыматында шаардагы эң эски эстелик 1970-жылы Космонавтттарга тургузулган. Автору белгисиз.

Наркы, көркү төп келген жоктур айып, Каныкей – түбөлүктүү үлгү зайып.

Ошто үлпөт сейилине чыккандар “Кыргыз көчүнө” сөзсүз токтоп, сүрөткө түшүшөт.

Бул эстелик жол кыймылына тоскоолдук жаратып жатат деген негизде Барсбекти башка жакка жылдыруу сунушу жакында көтөрүлгөн. Демилге коомчулукта чоң талкууга кабылды. Азырынча эч нерсе өзгөлө элек.

Ошто Токтогул Сатылгановдун ысымын китепканадан сырткары эс алуу багы да алып жүрөт.

Учурда эс алуу багын 20 млн сомго реконструкциялап жатышат.

Ош шаарында Алымбек Датканын эки эстелиги бар. Бирөө ишмердин атын алып жүргөн этнографиялык комплексте, экинчиси сизди Ош шаарынын чыгыш дарбазасынан эки жолборстун коштоосунда тосуп алат.

Жергиликтүү жаштар Лениндин эстелигин шаардын борбордук аянтынан башка жакка жылдыруу демилгесин маал-маалы менен көтөрүп турушат.

Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт мектебинин ачылганына 30 жылдан ашты.



 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген