Оштун борборундагы жол оңдолуп жатат

Ош шаарында Курманжан-Датка көчөсү боюнча “Ош шаардык жолдору” ЖК тарабынан шаардын ЖЭБдин жылуулук магистралдык түтүгүн оңдоп бүткөндөн кийин жолдун катмарын калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Эске салсак, Курманжан-Датка көчөсүнүн Баялинов көчөсү менен кесилишкен жеринен жолдун бөлүгүндө ушул аптанын аягына белгиленген Ош ТЭЦинин диаметри 325 мм жана узундугу 335 м болгон магистралдык түтүктү алмаштыруу иштери жүрүп жатат.

Жылуулук магистралын оңдоо иштери 17-июнда башталган, Ломоносов көчөсү менен кесилишкен жерден Клубная көчөсүнө чейинки жердеги иштердин аякталышы ушул дем алыш күндөрү пландаштырылган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.