Оштун базарларында өрт коопсуздук эрежелери сакталган эмес

Ош шаарында жайгашкан ири жана чакан базарлардын 60 пайызында өрт коопсуздук эржелери сакталбаган. Андыктан тилсиз жоо каттала турган болсо, чоң чыгымдарды алып келүүсү анык.
Бул маселени көзөмөлгө алган экологиялык жана техникалык коопсуздук кызматынын маалыматына ылайык, алар тынымсыз текшерүүлөрдү жүргүзүшөт.

Бирок жарандар да бул маселеге кайдыгер мамиле жасагандыктан жыйынтык болбой келет.

“Өңүт” программасы дал ушул көйгөйгө токтолуп, тиешелүү кызмат жетекчилерине суроо салды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген