Оштун Арек айылындагы көчө асфальтталат. Фото

Ош шаарынын Жапалак айылдык башкармалыгына караган Арек айылынын Жусубалиев көчөсү толугу менен асфальтталат. Бул тууралуу Ош шардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Бүгүнкү күндө сугат суу агуучу жолдун четине лотокторду орнотуу иштери жүрүүдө. Курулуш иштери менен шаар мэри Таалайбек Сарыбашов таанышып, асфальт сапаттуу төшөлүшү керектигин эскертти.

Асфальтталуучу жолдун узундугу 700 метр болуп, кеңдиги 6 метр. Курулуш иштери жергиликтүү бюджеттен каржыланып, жакынкы күндөрү пайдаланууга берилет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген