Оштун айылдарындагы суу маселеси 50 жылдан бери чечилбей келет

Ош облусунун  Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн Калмат көчөсүндө 50 жылдан ашуун убакыттан бери ичүүчү суу чыкпайт. Жада калса ушул күнгө чейин суу түтүктөрү дагы тартылган эмес. Мунун айынан 58 кожолук арыктагы таза эмес, суудан ичишет.

Арыкта суу кээде акпай да калат. Мындайда тургундар алыстан ташып келүүгө аргасыз. Айтымдарында, жыл сайын айыл өкмөткө кат жолдонуп, майнап чыкпай келет.

Ал эми Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Манап Эдилбеков быйыл аталган көчөгө таза суу сөссүз тартылат деп убадалайт.

“Быйылкы жылдын башында Кырман участкасын ичүүчү суу менен камсыздадык. Эми ошол суу түтүктөрдү Калмат көчөсүнө чейин улантабыз. Кийинки 2019-жылы бул көчөдөгүлөр дагы таза суу менен камсыз болуп калат”, –деди Манап Эдилбеков.

500 метр аралыктагы жолго суу тартуу үчүн жергиликтүү бюджеттен 2, 5 миллион сом керектелет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген