Оштун айрым жолдорунда жол сызыктар жок Видео

Атайын жобого ылайык, ар бир жол чыракта жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жол сызыктары болуусу керек. Мындан улам, Ынтымак ТВнын чыгармачылык тобу атайын иликтөө жүргүздү.

Маалым болгондой, шаардык бюджеттен жыл сайын калаадагы көчөлөрго жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жол сзыктарын жаңылап чийүүгө акча каражаты бөлүнөт экен.

«Бизге жыл сайын жазгы жана күзгү иштер үчүн шаардык бюджеттен 1млн сом акча каражаты бойок үчүн бөлүнөт.
Жылына эки ирет шаардагы жол сызыктарын жаңылап, чийип чыгабыз»- деди Ош шаардык жол башкармалыгынын башчысы Арзыбек Жунусов.

Жыл башынан бери шаар аймагында жөө жүргүнчүлөрдүн катышуусунда 61 жол кырсыгы катталып, 63 жараан жараат алган.
Ош шаарында каттоого алынган автоунаалардын саны 70 миңдин тегерегинде, ал эми жакынкы райондордон келген унааларды кошкондо бул сан дагы да өсөт. Андыктан жол кыймылынын коопсуздугуна көнүл буруп, жол сызыктарын чийүү зарыл.

Биздин чыгармачылык топтун иликтөөсүнө ылайык, Ош шаарынын борбордук көчөлөрүндө гана жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жол сызыктары жакшы бойолуп, даана корунуп турса, чекенки көчөлөрдө алар жакшы туп тамыры менен эле жок. Атап айтсак, И.Раззаков атындагы көчөдө жол сызыгы такыр эле чийилбеген. Автоунаа көп каттаган көчөдө жол сызыктарынын жоктугу жөө жүргүнчүлөр гана эмес, айдоочуларды да түйшүккө салып,элдин нааразычылыгын жаратып жатат.

“Шаардын кээ бир аймагында зебралар такыр өчүп кеткен. Айдоочу аны көрбөйт. Ошол себептен бир топ көйгөйлөр келип чыгат. Жергиликтүү бийлик ошол маселеге көңүл бурушу керек”-деген пикирин билдирди шаар тургуну.

Ынтымак ТВ тиешелүү кызмат жетекчилерине суроо салгандан соң, шаардын бардык аймактарына жол сызыктары жаңыланып чийилди.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген