Оштун айрым көчөлөрүндө газ берүү убактылуу токтотулат

Бүгүн, эртең Ош шаарынын айрым аймактарына жаратылыш газы берилбейт. Бул тууралуу  “Ынтымакка”  “Газпром Кыргызстан” ишканасынын Оштогу өкүлү Улан Ражапов билдирди.

Газ куурларын оңдоп түзөө иштерине байланыштуу Ош шаарынын 4 көчөсүндө жаратылыш газын берүү 5, 6 саатка токтотулат.

“Кышка чейин газ куурларын алмаштырып оңдоп алышыбыз керек. Буга байланыштуу Ош шаарынын айрым аймактарында 5, 6 саат өчүрүп турабыз. Ондоп бүтөөрүбүз менен кайра газ берилет. Бул ошол 3, 4 көчөдө гана болот. Шаар боюнча эмес”,-дейт Улан Ражапов

Ремонт,  Анар кичи районунда , Алиев, Р. Абдыкадыров, Моминов көчөлөрүндө жүрөт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген