Оштук Витас ысымы менен белгилүү болгон Шамилбек Кыязов Латвиядагы сынакка катышат

13 жаштагы Шамил Кыязов коомчулукка Оштук Витас деген ысым менен таанылган. Ал  бул атка Витастын “Опера 2” ырын аткаргандан кийин конгон. Жаш талантты көпчүлүк өзгөчө үнү менен тааныйт. 2017-жылы Коомдук телерадиокомпаниясынын “KGтай” сынагынын финалисти болууга жетишкен. Андан кийин Белорусиядагы он бешинчи “ВИТЕБСК-2017” конкурсунда үчүнчү орунга ээ болгон. Аталган сынактан Латвияга жолдомо утуп алган. Азыркы тапта ал сынакка катышуу үчүн даярдык көрүп жатат. Конкурс ушул жылдын 8-декабрь күнү өтөт.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген