Оштук өспүрүмдөр көркөм гимнастика боюнча эл аралык турнирде 8 медаль тагынышты

15-16-июнда Азербайжандын Баку шаарында өткөн эл аралык турнирде  оштук өспүрүмдөр 2  алтын, 4 күмүш, 2 коло медалга жетишишти. Бул тууралуу  Ош шаарындагы “ЕРЕМ” клубунун машыктыруучусу Айнура Шаршембиева билдирди.

“4 жаштан 10 жашка чейинки 20 кызыбызды алып барганбыз. Ош шаары мындай эл аралык сынакка биринчи жолу катышты. Ага карабай жакшы эле жеңиш менен кайттык.  Бакудагы эл аралык турнирден соң, Алматыда өткөн сынакка да катышып кайттык. Ал жакка Россия, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстандын көркөм гимнастика менен машыккан өспүрүмдөрү катышкан. Биздин кыздар бул сынактан да 8 алтын, 2 күмүш медаль алышты”,-дейт машыктыруучу.

Аларды бүгүн Ош эл аралык аэропортунан ата-энелери, спорт комитети күтүп алышты.

 

 

Белгилей кетсек,  көркөм гимнастика боюнча эл аралык турнир жыл сайын өткөрүлүп келет. Бул жолкусунда 12 өлкөнүн 20дан ашуун клубдарынан жаш спортчулар катышышкан.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.