Оштук айдоочулар: өкмөт маселебизди чечип бербесе, визабыз да жабылып калат

Жүк ташуучу унаалары Кытайда калып кеткен оштук айдоочулар өкмөткө кайрылуу жасашты. Буга чейин өкмөткө кат аркылуу кайрылган айдоочулардын аракетинен эч кандай майнап чыккан эмес.

Алардын айтымында, жаңы жылдын алдында Кытай бийлигинин буйругу менен бир жумага эс алууга кетиши керек болгон. Бир жумадан кийин унааларын алып кетүүнү пландаган айдоочулар Кыргызстанга келе беришкен эле. Бирок коронавирус илдети пайда болуп, натыйжада чек ара жабылып калган.

Мындан улам, эки айдан бери унаалары Кытайда турган айдоочулар өкмөттөн жардам суроого аргасыз болушкан.

“Чет жерде калган унаалардан тышкары дагы бир нече маселелер бар. Эгер бул көйгөй бийлик өкүлдөрү тарабынан тез арада чечилбесе, анда визаларыбыз да жабылып, мындан да чоң кыйынчылыктар жаралышы күтүлүүдө”,- дешти айдоочулар.

Алар эки айдан бери жумушсуз отургандыктарын кошумчалашты.

”Унааларыбыз Кытайда болгондуктан, Кытай өкмөтү ар бир унаа үчүн күнүнө 1 юандан(105 сом) төлөп берип жатат”,-деп кошумчалашты айдоочулар.

Кыргызстандык 18 айдоочу тамак-ашы, унааларынын күйүүчү майы жок Ирандын чек арасында кармалып турат

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген