ОшТУда сенсордук доска жасашты

Эки тарабы бирдей иштеген  сенсордук досканы Ош технологиялык университенинин окутуучулары жасашкан.  Бул жабдууга көп деле каражат кеткен эмес. Айнек, түссүз пленка,  проектор жана  тактаны башкаруучу компьютер гана керек болгон.

Эки досканы жаратмандар эки аптада даярдашкан. Ага окутуу программалары киргизилген. Бул маалыматтарды студенттер Bluetooth  аркылуу чөнтөк телефонуна көчүрүп алса болот.

Доскалар окутуучулардын да түйшүгүн жеңилдетти, алар сабакка даярданууга убактысын үнөмдөй алышат, -дешет мындагылар.

ОшТУ мындай доскаларды өз факультеттеринде гана эмес, калаадагы бардык жогорку окуу жайларга жайылтууну көздөп жатат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.