ОшТУ Ош шаардык клиникалык ооруканасына жардам көрсөттү

Ош технологиялык университетинин эмгек жамааты Ош шаардык клиникалык ооруканасына 200 000 сомго бааланган 3 даана кычкылтек концентраторун, 10 даана комплект медициналык коргонуучу кийимдерди жана беткаптарды алып  берди.

Бул тууралуу “Ынтымакка” окуу жайдын басма сөз кызматы кабарлады.

Аталган жардамды ОшТУнун ректору, профессор Абдыкадыр Абидов баштаган жетекчилер кечээ, 23-июлда Ош шаардык мэриясына тапшырды.

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов  университеттин ректору Абдыкадыр Абидов баштаган жетекчилерди кабыл алып, окуу жайдын жамаатына ыраазычылык билдирди.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.