Оштон президентке жөө жөнөгөн аялдар Ноокенге жетти. Видео

Өлкө башчысына жолугуу үчүн ак үйгө Ош шаарынан жөө жөнөгөн 2 аял Жалал-Абаддын Ноокен районуна жетти. Алар менен биздин кабарчыбыз Кабылбек Көчкөнбай уулу жолугуп, жагдайды сурады.

Аларга жергиликтүү бийлик тарабынан тоскоолдуктар болуп жатканын билдирген.

“Биз көп баскандыктан буттарыбыз ооруп калды. Түнө маселеси да ар кандай болуп жатат. Биринчи күнү Өзгөндөгү мечитте түнөдүк. Эми жергиликтүү маселенерди чечип беребиз, артка кайткыла деп тоскоол болуп жатат”-деди Гүлнара Мырзакаримова.

 

Алар 8-апрель күнү Ош шаарынын Бишкекке жөө жөнөшкөн. Эки күн ичинде 112 км жол жүрүшкөн.

Видео: Тынычбек Доулдаев

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген