Оштогу зоопаркты биз аркылуу көрүңүз Видео

Ош шаарындагы  зоопаркка отуздан ашуун  айбанаттар менен канаттууларды былтыркы жылдын күз айларында алып келишкен. Азыр аны кеңейтүүнү пландап жатышат. Жаныбарлар багынын администратору Ибрагимжан Эргешовдун айтымында, алдыда зебралар, ламалар жана башка айбанаттарды алып келишет.

Ош шаарында Алишер Новаи  паркында жайгашкан жаныбарлар багына кирүү баасы:

Чоңдорго 150 сом.

Төрт жаштан чоңдорго 100 сом.

Бир жаштан төрт жашка чейинкилерге акысыз.

Пенсионерлерге 100 сом.

Студенттерге 100 сом.

Мектептерден чогулуп келген окучуларга 50 сомдон.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген