Ошто жол кырсыктан бир адам каза болду

Бүгүн, 26-ноябрда Ош-Бишкек унаа жолундагы кырсык катталап,  бир адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу “Ынтымакка” Ош облустук ЖКККнын өкүлү Алтынбек Теңизбаев билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя эрте менен 7:30 дар чамасында 655 чакырымында( Учкун) айылында катталган.

Анда  “ Хонда-CRV ” үлгүсүндөгү автоунаасы менен Ош шаарынан Өзгөнгө карай бара жатып жөө жүргүнчүнү койдуруп кеткен.

Натыйжада Учкун айылынын   1969-жылкы  К. Г  атуу тургуну  алган жараатынан улам, Ош облустук ооруканага  жетпей каза болгон.

Учурда аталган кырсык боюнча , Кара-Суу  РИИБнүн тергөө кызматы  тарабынан  тийиштүү автотехникалык  жана соттук  медициналык  экспертизалар дайындалып,  тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген