Оштогу велосипедге ылайыкташкан көчө унаа жолуна айланды

Ош шаарындагы Сай бою көчөсүнө велосипед жүрүүчү жол салынган. Ага автоунаа кирүүгө тыюу салынып, эгемендүүлүк күнүнө карата пайдаланууга берилген. Бирок азыркы тапта унаалар кирип, бул шаар тургундарынын кооптонуусун жаратты.

Шаар тургуну Камил Изатуллаев күнүнө велосипед тепкени келет. Бирок катуу ылдамдыкта жүрүүдөн кооптонот. Анткени автоунаадан улам кырсыкка кабылып каламбы деп чочулайт.  Ал велосипед менен баратып да алды-артын коопсуздугу үчүн карай берет. Мындан улам сейилдегенин деле сезбей калат.

Унаалардын вело жолго кирип жатышы шаардыктардан сырткары туристтерге да кооптонууну жаратууда. Турист Эмиль Сиражидиновдун белгилешинче, велосипед менен эркин сейилдей албайт. Эки тараптан келген унааларга жол бошотуп, убактысы кетет.

Вело жол эгемендүүлүк күнүнө карата пайдаланууга берилген. Жалпы узундугу 2 жарым чакырымды түзөт. Жол курулуп жатканда тиешелүү болгон бардык белгилер коюлуп, унаа кирүүгө тыю салынган.

Буга чейин көчө оңдоодон өтпөй, келгендердин саны аз болчу. Асфальт төшөлүп, шарттар түзүлгөндөн бери шаар тургундарынан сырткары чет өлкөлүктөр да келе башташты.

Ош шаардык мэриясынын шаар куруу муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы Мирлан Исраиловдун айтымында, тургундар вело жолдогу башаламандыкты жөнгө салуу боюнча шаардык мэрияга да кайрылышкан. Көйгөйдү чечүү үчүн патрулдук милициядан атайын адис 10 күндө жолду көзөмөлгө ала баштаган. Бирок атайын штат каралбагандыктан кайра эле жолдо тартип бузулган.

Вело жолго Ош тазалык ишканасынын таштанды жүктөгөн унаасы гана кирүүгө болот. Калган машиналарга миң сомдон жазана салынышы керек.

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz