Оштогу Токтогул эс алуу багын оңдоо кечигип жатат

Эс алуу жайын оңдоп-түзөө иштери качан бүтөөрү белгисиз. Буга акча каражатынын узак убакытта бөлүнүп жатышы себеп болууда. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Учурда курулуштун биринчи этабы  бүткөрүлгөн. Тактап айтканда жарыктандыруу,видео байкоо орнотуу аяктап, 5 миң метр жерге брусчатка басылган.

“ Шаарда бир эле ушул парк бар эмес. Мындан башка да бюджеттен бүтүрүлчү иштер көп. Ошондуктан бардык иш акча каражаттан коз каранды болууда”, – дейт Ош шаардык мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын орун басары Шумкарбек Пайзиев.

Алдыда дагы 10 миң метр жерге брусчатка басуу, отургучтар менен карусельдерди орнотуу жана ажатканаларды куруу иштери калган.

Буга чейин эс алуучу жайды оңдоп-түзөө 4 этап менен ишке ашырылаары айтылган.

Ал үчүн жергиликтүү бийликтин кызматкерлери бир күндүк эмгек акыларын которушкан эле.

 

Эс алуу жайын оңдоп түзөөгө 100 миллион сомдук долбоор жыл башында бекитилген. Бул каражаттардын баардыгы жергиликтүү бюджеттен бөлүнүүдө.

Маалыматка ылайык, эс алуу багынын жалпы аянты 9 гектар жерди ээлейт. Ал 1919-жылы негизделген. 2019-жылы эс алуучу жайдын уюштурулганына 100 жыл толот.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген