Оштогу тигүүчү текстилдик фабрика өндүрүшүн 2019-жылдан баштайт

Оштун Кең-Сай массивиндеги аялдардын жана эркектердин кийимдерин тигүүчү текстилдик фабрика өндүрүшүн кийинки жылдан баштайт. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун фабриканын курулушу менен таанышуу учурунда айтылды.

Мында  жети миң адам жумуш менен камсыздалат.

Долбоорго ылайык, биринчи блок – административдик имаратты жана цехти  ишке киргизүүнү жыл аягына чейин аяктоо жана 2019-жылдын башында өндүрүштү баштоо пландалууда.

Баштапкы баскычында үч миңге жакын адам иш менен камсыз болушат. Жалпысынан, фабрикада жети цех иштейт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген