Оштогу Т.Сатылганов багын оңдоп жатышат

Т.Сатылганов атындагы эс алуу жайы жарыктандырылып, арыктары жана канализациялык тутумдары оңдолуп жатат. Бакка кире бериштеги түркүктөр да жаңыланууда. Бул иштерге шаардык мэрия быйыл 20 млн сом бөлгөн деп билдиришти басма сөз кызматынан. 

Калаа башчысы Айтмамат Кадырбаев бактагы курулуш иштерин 18-декбарда текшерип чыкты.

“Бул системаларды оңдоп-түзөө иштери кийинки жылдын биринчи кварталында бүтөт. Андан соң түрк адистери менен биргеликте иштелип чыккан долбоорду жүзөгө ашырып, эс алуу жайдын 100 жылдыгына арнап, капиталдык иштери 2018-жылдын төртүнчү кварталында аяктайт”,-деди Кадырбаев.

Т.Сатылганов атындагы парк 9 аянттан туруп, карылар, балдар, жаштар жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн ыңгайлуу шарттары менен бүткөрүлөт.

Соңку үч жылда  Ош шаарында “Космонавттар”, “Жеңиш”, ”Ата-Түрк”, “Балдар сквери”, “Шаардык сквер”, “Семетей” жана “И.Раззаков” эс алуу жайлары толугу менен оңдоп-түзөөдөн өттү.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген