Оштогу Шакиров көчөсүн оңдолуп жатат

Ош шаарынын Шакиров (мурунку Гагарин) көчөсүн реконструкциялоо иштери  жүрүүдө. Курулуштун жүрушүн калаанын бийлиги көзөмөлгө алып, таанышып кайтты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан кабарлашты.

 Маалыматка ылайык, аталган  көчөнү 2 км 400 метр жол асфальтталып, 20 метрге чейин кеңейтүү пландалып жатат.

Жолдун эки тарабына тротуар курулуп, ирригациялык лотоктор орнотулат.

Мындан тышкары көчө көрктөндүрүлүп, түнкү жарыктандыруу жакшыртылмакчы.

Реконструкциялоо иштери күз айларына аяктап, пайдаланууга берилет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген