Оштогу Шакиров көчөсүн асфальттоо иштери башталды

Ош шаарындагы борбордук көчөлөрдүн бири болуп саналган Аскар Шакиров атындагы көчөсүнө асфальт төшөө иштери башталды. Реконструкция иштери менен жеринен калаа башчысы таанышып, жолдун сапаттуу болуусун көзөмөлдөөнү эскертти. Бул тууралуу “Ынтымакка” мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган көчөдө буга чейин жер астындагы коммуналдык түтүктөрдү жаңылоо иштери аткарылган. Мындан сырткары мэр жолду кеңейтүү иштерине тоскоол болгон курулуштарды алуу тапшырмасын берди.

Маалым болгондой,  жол 20 метрге чейин кеңейтилип, эки тарабына жөө адамдар басуучу тротуар курулат. Көрктөндүрүү иштери аткарылып, түнкү жарыктандыруу системасы жакшыртылат.

Жалпысынан көчөсүнүн 2 км 400 метри жолу асфальтталып, жол четтерине жаңы ирригациялык лотоктор орнотулат. Жарандар үчүн атайын заманбап аялдамаларды куруу да каралган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген