Оштогу райондук жана облустук гезиттер “Ынтымак” КРТРКсына кошулду

Кыргызстанда ЖМКларды реформалоонун алкагында Оштогу облустук жана райондук гезиттер “Ынтымак” Коомдук-регионалдык телерадио компанисына кошулду. Бул тууралуу Маалымат жана массалык коммуникациялар департаментинин башчысы Салкын Сарногоева аталган телеканалдын кызматкерлери менен болгон жолугушууда билдирди.

“Оштогу 3 облустук жана 7 райондук гезит “Ынтымак” телерадио компаниясына бириктирилди. Ал эми жаңы жылдан баштап аймактык медиа борборлордун бирдиктүү маалымат сайты да иштей баштайт. Аны жасалгалоо жана иштеп чыгуу боюнча тендер жарыяланды”,- деди Сарногоева.

Натыйжада облустарда иштеген 600 кызматкердин 110ну кыскартылып, калгандарынын маянасы 15 пайызга көбөйтүлөөрү маалымдалды.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда учурда мамлекеттик Жалпыга маалымдоо каражаттарын реформалоо иштери жүрүп жатат. Анын алкагында КРнын Маданият министрлигинин алдындагы Маалымат жана массалык коммуникациялар департаментине караштуу 46 гезит-журнал жоюлуп, облустардагы телеканалдарга бирикти жана анын алкагында атайын медиа борборлор ачылууда.

Бул реформанын алкагында – 2020-жылдан баштап, медиа борборлордун ар бир кызматкерлери жаңыча иштөө усулу боюнча окутулат. Ар бир райондо экиден кабарчы иштейт.

Кыргызстандагы мамлекеттик ЖМКларды реформалоо иши 2018-жылдан бери жүрүгүзүлүп келген. Негизги максаты – гезиттердин редакциялары заман талабына ылайык мультимедиялык каражаттар менен иштешүү, маалыматтарды элге универсалдуу ыкмада жарыялоо болуп саналат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.